Мурда маалымдалгандай, 2018чи жылдын 31-декабрда, эрте менен, Магнитогорскийде он кабаттуу, турак жайда жардыруу болгон. Үйдүн бир бөлүгүндө кулаган шыптын урандысынан эшик жабылып калган. Орусиянын тергөө комитети байкабастыктан өлүм негиздер боюнча кылмыш ишин козгоду. Бирден бир негизги болжол газдын туура эмес чыккандыгынан деп болжошууда.
ТАСС маалымат агенттиги маалымдагандай,каза болгондордун саны көбөйүп баратат, азыр 37 адам. Кырсык болгон жерде куткаруу иштери улантылууда. Төрт адам дагы эле белгисиз бойдон калууда.
МЧСтин башкы башкармалыгынын кызматкери – Михаил Юриндин айтымында азыркы учурда жабыр тарткандардан 19 киши жана 3 бала деп аныкталганы белгиленди. Урандынын астында наристелер башка жок деп божомолдогон.
Сүрөт: info-vsem.ru