Ажылык, мусулмандар үчүн парз – болот.
Меккеге белгиленген убакытка мусулмандар бир парзын аткаруу үчүн барышат. Ажыга күбөлүк алып, өзүнүн шарттарын (орозо, садака) аткаргандан кийин гана бара алышат. 2019-жылы ажылыкка бара тургандар үчүн каттоо 9-январдан күнү өтөт.
Ажыга бара турган жарандар шаардык жана областык Казыяттан каттодон өтүшү шарт! Ошондой эле 500$, 700сом өлчөмүндөгү төлөмдөрдү банктан төлөндү деген чек болуусу керек. Төлөмдөр РСК банкында төлөнүүсү зарыл.
Ажылыкка баруучу тургундар өзү менен бул документти алып жүрүүсү керек: мисалы, паспорт жана биометрикалык ID-карта сыяктуу документтер болушу керек.
Кыргызстандын жарандарына 5485 квота берилген.
Каттоо мөөнөтү 31- Январда, саат 17:00 бүтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: imenno.ru