No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 12.04.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Азовдогу кырдаал. РФ БУУнун Коопсуздук кеңешинен чукул жыйын өткөрүүнү сурады

26.11.2018

Украинанын Коопсуздук кеңеши өлкөдө 60 күндүк аскер тартибин киргизди.

Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинен Азов деңизиндеги абалдан улам чукул жыйын өткөрүүнү сурады. Бул туурасында РИА НовостиБУУдагы Россиянын өкүлчүлүгүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Полянскийге таянып жазды.

Россия аталган дүйнөлүк уюмга чукул жыйын өткөрүү өтүнүчү менен Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө кайрылган.

«Азов деңизиндеги абалдын улам өрчүп бара жаткандыгына жана ага улай болгон окуяларга байланыштуу Россия 26-ноябрда эртең менен «Дүйнөлүк тынчтык менен коопсуздукту колдоо» пункту менен тез арада кеңешме өткөрүүнү сурады», — деген Полянский.

Маалыматта жекшемби күнү Украинанын Аскер деңиз күчтөрүнүн «Бердянск», «Никополь» жана «Яны Капу» кемелери БУУнун деңиз тартиби боюнча каралган 19-беренеси менен 21-конвенциясын бузуп, Россиянын мамлекеттик чек арасын бузгандыгы айтылат. Россиянын деңиз аймагы жана Керчь-Еникале каналы аркылуу өтүү үчүн орнотулган тартип сакталган эмес.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча алар мыйзамсыз аракеттерге барышкан. Украинанын кемелери аларды коштоп жүргөн Чек ара кызматы жана Кара деңиз флотунун корабль менен катерлеринин токтоо талабына жооп бербей, кооптуу маневрларды жасаган.

Украинанын аскердик кемелерин мажбурлап токтотуу үчүн курал-жарак колдонулганы айтылат. Өлкөнүн үч кемеси тең Россиянын аймагынан кармалган.Мындан улам Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши (УККК) өлкө аймагында 60 күнгө чейин аскердик тартип киргизүүгө добуш берди.

Бул сунуш президент Порошенко тарабынан да колдоого алынган. Ал Рада депутаттарын аскердик тартип киргизүүнү дүйшөмбү күнү жабык эшик артында талкуулоого чакырды.

Парламенттин УККК чечимин беките турган кезексиз жыйыны 26-ноябрга саат 16.00гө (Бишкек убактысы боюнча саат 17.00) пландаштырылды.

Президент киргизилчү аскердик тартип Донбасстагы кырдаалга таасир тийгизбей, баскынчылык аракеттерге жол берилбей турганын жар салды.

Порошенконун дүйшөмбү күнү НАТОнун  баш катчысы Йенс Столтенберг жана бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүп, кеңеше тургандыгы маалымдалган.

Азов деңизиндеги кырдаал эмнеден чыкты?

Азов деңизиндеги абал Украина бийлиги россиялыктар түшкөн балык уулаган «Норд» кемесин кармагандан кийин чыңала баштаган. Бир нече ай өткөндөн кийин Херсон портунда россиялык «Механик Погодин» танкерин кармаган. Россия муну «деңиз террорчулук» деп баалап, чек арачылары Азов деңизиндеги РФке тиешелүү бөлүгүндөгү көзөмөлдү күчөткөн. Москванын бул кадамдарына комментарий берген Киев «суднолорду кармоодогу катаал саясат» деп кине койгон.

Россиянын чек ара кызматы текшерүү иштери деңиз жаатындагы эл аралык эрежелерге толук жооп берерин белгилеген. Бул жаатта Украинанын ТИМи россиялык чек арачылар текшерүү учурунда протоколдон четтебейт деген пикир менен макул экендигин билдирген.

Спутник кж

Tags: АзовжаңжалкырсыкОруссияУкраина

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Хантер Байден заявил о готовности к бою с сыновьями Трампа

11.04.2026
Кыргызстан

Жапаров открыл новую школу в Ошской области

11.04.2026
Безопасность

США усиливают военное присутствие перед переговорами с Ираном - WSJ

11.04.2026
Кыргызстан

Импорт автомобилей в Кыргызстан вырос на 42% - статистика

11.04.2026
Безопасность

Путин объявил пасхальное перемирие в зоне конфликта

11.04.2026
Кыргызстан

Космонавт Шарипов выступил в школе Бишкека ко Дню космонавтики

11.04.2026
Кыргызстан

В столичной школе прошли мероприятия ко Дню космонавтики

10.04.2026
Безопасность

В Бишкеке найден мертвым пропавший 17-летний подросток

10.04.2026
Коррупция

ГКНБ задержал шестерых чиновников по делу о вымогательстве

10.04.2026
Кыргызстан

В Бишкеке начали снос объектов ради строительства новой развязки

10.04.2026
Безопасность

Ребенок, переживший падение с высоты в «Джале», вышел из комы

10.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире