Бишкек шаарынын күнүн майрамдоо тууралуу
Бүгүн, 29-апрелде, борбордук, “Ала-Тоо” аянтта борбордун туулган күнүн майрамдоо боюнча иш-чара өтөт. Бүгүн, Бишкекке 141-жыл толду.
Бишкек мэриясы 18:00 Майрам концерт болуп, чет өлкөлөрдөгү жылдыздардын катышуусу күтүлүүдө: Россиянын ырчысы Согдиана, Өзбекстандан келген “Ялла” группасы.
Мындан тышкары, кыргыз аткаруучулары жана топтор “Элес”, “Инсан”, Ислам Акматов, Кайрат Примбердиев, Мирбек Атабеков, Салтанат Ашырова, Гульнур Сатылганова, ошондой эле үйлөмө оркестр. Майрам соңунда түстүү фейерверк болот.
Концерттен кийин Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн “Ала-Тоо” аянтында саат 21-00 дөн 24-00 гө чейин акысыз атайын унаалар уюштурулган.:
– автобустар 7, 9, 38, 42;
– троллейбустар №4, 10, 7, 8, 2, 14.
Курманжан Датканын эстелигинин жанында Хэнд мэйд иштери өтөт, ал 19:00 чейин созулат.
Ошондой эле “Бишкек – менин сүйүктүү шаарым” аттуу сүрөт көргөзмө, Бишкек шаардык китепканасында уюштурулган.
Саат 11:00 Жаштар аллеясында концерт, колдонмо көргөзмө, Ч.Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү, спорттук ийримдердин: айкидо, самбо, дзюдо күрөшү, кудо, оюндар боюнча станцияларга: шайыр мелдеш, жаш баатыр, улуттук оюндар, эң так , музыкалык шаары.
Спорттук аянтчада 15-00 дөн 17-00 гө чейин балдар жана чоңдор арасында спорттук мелдештер өткөрүлөт. 15тен 17:30га чейин ЦУМдун жанында Джаз группасы “Аура” болот.
Бишкектиктер майрамыңыздар менен!
Сүрөт: kg.akipress.org