Травел-блоггер Паша Глобус аз өлчөмдө акча сарптап, ошол эле учурда саякат жасоого жардам бере турган долбоор менен бөлүштү.
Бул мырза өзүнүн кесиптештери Бишкек, Алмата, Астана, Узбекистан жана Таджикистандыктар менен биргеликте “FreefyAsia” аттуу долбоор түзүшкөн.Анын жардамы менен каалаган адам, дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн билет баасына көз сала алат. Долбоордун уникалдуулугу өз ыктыяры менен өздөрү арзан бааны жана бир өлкөдөн экинчи өлкөгө жеткирүүчү жолдорун издеп жатат.
Блоггерлердин айтымында кандай жол менен, көздөгөн жерге арзан жетүүгө болот. Алар мисал кылып кеткендей Бишкектен Сочиге кандай жол менен барууга болот? Жөнөкөй жол менен 400$ болсо, тревел-блогерлери бул чыгымды, эки эсеге азайтуунун жолун табышты.
Алар Сочиден Ростов-на-Донуга поезд менен 17$ барып, Растовдон Бишкекке учак менен 80$ кайтып келишкен.Ошентип, барып-келген билетке чыгым эки эсе арзан болгон.
Ушул жана башка көптөгөн мисалдарды Кыргызстандыктар “FreefyAsia” долбоору аркылуу билишсе болот.
Сүрөт: kaktus.media