Аскердик прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата тергөө иштеринин алкагында бардык каржы жана банк документтерин сотко берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматы билдирди.
Биринчи май райондук соту Атамбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык банк уячаларын, депозиттик эсептерин текшерүү жана алуу боюнча токтом кабыл алды.
Атамбаевден сырткары, анын аялынын, балдарынын, жакын жана ыраакы туугандарынын, ошондой эле жакын досторунун депозиттик эсептерин текшеришет. Жалпы суммадан, прокуратура 25 депозиттик эсептерди жана банк уячаларын карап чыгат.