Мелис Абдибатов аттуу жаш жигит, достору менен , Бишкек, 20 жыл өткөндөн кийин, ал элестеткендей, кандай болушу керек экендиги тууралуу сюжет даярдашкан.
Абдибатов Баткен облусунда төрөлгөн, жана “Манас” Кыргыз-Түрк институтун бүтүргөн.
Мелистин айтымында ал дайыма, борбордо басып жүрүп, шаар бир канча он жылда кандай болушу керек деп кыялданган. Жигит Бишкекти таза аба менен муздак шамаал алып келүүчү, жашыл бак-дарактар менен толтурулган деп кыялданган. Aбдибатов, абасы таза шаарда жашагысы келет, жана анын командасы тарабынан түзүлгөн видео-тасма шаардыктарды келечекте ушундай Бишкекке умтулуусун, үмүт кылат.
Сүрөт: limon.kg