Бүгүн, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Кудайберди Кожобеков, Алтай өкмөтүнүн төрагасы Александр Лукьянов менен жолугушту. Бул тууралуу АКИpress министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен маалымдайт.
Андан тышкары, жолугушууга Алтай мамлекеттик университетинин жана Алтай мамлекеттик педагогикалык университетинин делегаттары да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрк тилдүү элдердин жана алтаистиканын тарыхый-маданий мурасын иликтөө, орус тилин үйрөнүү, ошондой эле жаштар программаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Сүрөт: 24.kg