No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шаршемби, 21.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Жаңылыктар

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстандын санариптик трансформациясына ишенет

02.12.2019
Жаңылыктар, Коом

Санариптик трансформация – инновациялык чечимдердин жардамы менен экономиканын жаңы креативдүү чөйрөсүнө жол ачат. Буга Жогорку технологиялар паркы жана анын резиденттери чоң роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди.

«2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көп иштер жасалды. Биз акыркы жылдары аймактарды жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл буруп жатабыз. Бул үчүн, баарынан биринчи шарттарды түзүү керек. Биз аянтча бөлүп бердик жана анын жаңы кеңсесин ачылышына катышып жатабыз. Бул өлкөдөгү IT-компаниялардын бир жерде жана чогуу-чараан иштөөсү үчүн маанилүү», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай иштин натыйжасы эмитен эле көзгө көрүнө баштаганын белгиледи.

«2019-жылдын 3 кварталында Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин биргелешкен кирешеси бүгүнкү күндө 681 млн сомду түздү. Бул жерде 700дөн ашык киши иштейт. Ресурстардын биригиши – бул жөн гана тренд эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана санариптик өзгөрүү үчүн натыйжалуу инструмент. Биз санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик башкарууну электрондук форматка өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Учурда «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген Жол картанын алкагында жумуштар жасалууда. Биргелешкен иштердин мындан ары да натыйжалуу болушунда Жогорку технологиялар паркындагы адистердин ролу чоң», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыкканын айтты.

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020

«Жаңы технологияларды колдонуу менен жасалган мазмунду башкаруунун уникалдуу системасы бул сайттын коопсуздугуна жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Жогорку технологиялар паркынын жаңы аянтчасы инновациялык старт-аптардын жана долбоорлорду өзүнө тарткан борбор болооруна ишеним артам. Өз кезегинде Өкмөт креативдүү жана талантуу адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен колдоосун уланта бермекчи», – деп билдирди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган салыктык жеңилдетүүлөр номарларынын алкагында Жогорку технологиялар паркынын резиденттери түзүлгөндон бери салыктан жана камсыздандыруу төгүмүнөн 15 жылга бошотулган.

Мурунку пост

Өкмөт башчы Кумтөр кениндеги жоголгон жумушчуларды табууну тапшырды

Кийинки пост

Бишкекте европалыктар экономикалык форум өткөрөт

Кийинки пост

Бишкекте европалыктар экономикалык форум өткөрөт

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply