Кардарларды тейлөө участкасынын 29 жаштагы кызматкери, Бишкекте алдамчылык иш боюнча камакка алынган.
Бул тууралуу ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Ички иштер бөлүмүнө келген билдирүүдө, Бишкек шаарынын тургуну, чара көрүүнү суранып кайрылган. Ушул жылы, ал Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын оңдотууга 16 миң сом берген, андан кийин унааны күрөөгө коюп, жоголуп кеткен», — деп укук коргоочулар билдирди.
Бул факт боюнча, Бишкек шаарынын Биринчимай райондук ИИМде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166 беренеси менен «Алдамчылык» кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү, 29-жаштагы, К.Р кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мүмкүн болгон, башка кылмыштарга тиешеси жоктугун текшерүү жүрүп жатат.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.
Сүрөт: driver.kg