№3 Бишкек балдар ооруканасынын кызматкерлери иш учурунда туулган күн белгилешкен. 12- январь күнү эркек киши кусуп жаткан, үч жашар баласын алып келген.
Медициналык кызматкерлерин жумуш ордунан таба алган жок дейт, баланын атасы :
“Мен хирург менен коридордо жолугуштум, бизди УЗИге жөнөттү, ал бөлмө жабык экен. Дарыгерлердин келишин күтпөй, мен лабораторияга жөнөдүм, ал жерге анализдерди беришим керек эле. Бирок ал жерде да эч ким жок болуп чыкты. Оорукананы айланып жүрүп, баардык жумушчулар бир бөлмөгө кирип жатканын көрдүм. Мен түшүнөм, бирөөнүн өздүк майрамы. Бирок, жумуштан кийин же түшкү тыныгууда белгилесе болмок да.” дейт эркек киши.
Фото: actualitati.md