Бүгүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жанан илимдер боюнча министири Гульмира Кудайбердиева, Бишкек шаарындагы мектептердин директоролру менен жыйналыш өткөрдү.
Чогулуштун алгачкы себеби, “Мектепке электрондук жазылуу” аттуу автоматталган маалыматтык системасынын бетачары болду. Бул системанын башкы максаты, биринчи класска жашы жеткен окуучуларды, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүчү мекемелерге жазылууну автоматташтыруу.
Ошондой эле, системаны тажырыйбада өздөштүрүү, мектеп жетекчилеринин колдонуудагы ролу жана система аркылуу кабыл алуунун өзгөчөлүк маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, система Бишкек шаарынын мектептеринде 2019 жылдын 15 февралынан баштап колдонула баштайт.
Сүрөт: vb.kg