Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы пара алуу боюнча эки тергөөчү камакка алынды деп билдирди.
Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине аял киши арыз менен кайрылган, алар тергөө иштерин токтотуу үчүн $ 300 өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Темир жол бекетинин жанынан, эки тергөөчү пара алып жаткан учурунда кармалган. Кармалган тергөөчүлөр ИИБ Ленин райондук бөлүмүнүн кенже лейтенанты жана ошол эле бөлүмдүн тергөөчүсү лейтенант милиция болгон.
Кармалгандардын бири УКМКнын убактылуу кармоо абагына жөнөтүлгөн. Сотко чейинки алдын-ала тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: urist-land.ru