Бүгүн, борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында байыркы майрам «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Бишкектин жана башка аймактардан келген Кыргызстандын тургундарды майрам менен Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары, Алтынай Өмүрзакова, борборубуздун мэри Азиз Суракматов Президенттин аппарат башчысынын төрагасы Досалы Эсеналиев Бишкек шаардык Кеңештин спикери Жаныбек Абиров жана БШК депутаттары куттуктады.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов салтанаттуу майрамды ачып жатып, аянтка келгендерди улуу “Нооруз” майрамы менен куттуктап, шаардын бүт тургундарына ачык асман, бакыт-таалай, жана жалпы биримдик, тынчтык каалап кетти
Андан кийин, «Ала-Тоо» аянтында театрлашкан шоу жана чоң концерт коюлду. Ал концертте көптөгөн жергиликтүү атактуулар менен элдик ырларды аткаруучулар катышты. Жалпысынан, коюлган иш-чарага миңден ашуун актёрлор, студенттер, жана маданият кызматкерлери катышты.
Көптөгөн көрүүчүлөр кол чабуулар менен жана өлкөнүн алдыңкы телеканалдары аркылуу жасаган кереметтүү жана жапжашыл уюштурулган иш-чарага, өз көз карашын билдиришти.
Сүрөт: kyrtag.kg