Бишкек шаарынын мэри Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолукту.
5-декабрда, борбордо мэриянын имаратында Бишкектин мэри Азиз Суракматов, Пакистан Ислам Республикасынын, Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Файсал Нияз Тирмизи менен жолугушту.
Сүйлөшүү учурунда тараптар өнүктүрүү маселелерди шаарлар аралык кызматташтыкты ар кандай чөйрөлөрдө шаардык жашоо-турмушунун ортосундагы Бишкек шаарынын жана Пакистан Ислам Республикасынын шаарларын өнүктүрүүгө багытталган Макулдашууга кол коюу мүмкүндүгүн карап белгилөө жана Бишкек жана исламабад шаарлары ортосундагы байланыштарды талкуулашты.