21-январь күнү түнкү саат 00:35 чамаларында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz менен Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар кагышканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын ичиндеги 33 жаштагы жүргүнчү аял каза болгон, 30 жаштагы айдоочу жабыркаган эмес. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып, Тез жардам кызматы алып кеткен.
Сүрөт: 24.kg