Кыргызстандын борборунда биринчи жолу балдар үчүн пайдалуу тамак-аш фестивалы өттү.
Бул тууралуу sputnik.kg Кыргыз Республикасындагы БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын пресс-кызматына шилтеме берүү менен маалымдаган.
Бишкекте сергек тамактануу фестивалынын катышуучулары 500 бала жана чоң адам болду. Алар үчүн мастер-класстар, интерактивдүү оюндар жана викториналар уюштурулду.
Иш-чаранын уюштуруучулары, БУУ ДАПтын колдоосу менен тармактык тамак-аш институту жана КР Билим берүү жана илим министрлиги фестивалды үзгүлтүксүз өткөрүп тураарын билдиришти.
Эске сала кетсек, Россия Кыргызстандын мектептериндеги тамак-аштын абалын жакшыртууга 22 млн доллар бөлгөн. 500 окуу жайында жаңы жабдуулар орнотулган, ал эми ашпоздор кошумча квалификация алышкан. Долбоор кеңейтүү пландалууда.
Сүрөт: пресс-служба ВПП ООН