Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү белгиленди.
Иш-чарага бул уюмдун колдоо программаларына кирген бардык долбоорлордун өкүлдөрү катышып, келгендерге маалымат беришти.
– Биз жылына 24-октябрда БУУнун туулган күнүн белгилейбиз. Баарына маалым болгондой, бул уюм дүйнөгө тынчтыкты, бакубаттыкы орнотууну максат кылат, – деп билдирди уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело.
Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы өкүлчүлүктүү программалардан, фонддордон, адистештирилген мекемелерден жана Кыргыз Республикасында иш алып барган БУУнун башка уюмдарынан турат.
Азаттык Медиа