Жакында бишкек муниципалитетте борбордун вице-мэри Уланбек Азыгалиев менен Канцеляриянын кеңешчиси тышкы байланыштар боюнча Кытайдын элчилигине караштуу Ли Юе менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Катышуучулар «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабынын ишке ашырылышын карашты. Уланбек Азыгалиев Бишкекте автожолдорду куруу жана кайра уюштуруу программаларына Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кошкон зор салымын баса белгиледи.
Азыр «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабын аткарууга даярдык жүрүп жатат. Ага ылайык Кытай өз грантынан улам борбор калаада 60 көчөлөрдү оңдоону пландаштырылууда, анын жалпы узундугу 70 км.жогору болгон жарымы жаңы конуштарга туура келет.
Долбоордун жүзөгө ашырылышы туурасында протоколго ушул жылдын 13-июнунда кол коюлган. Азыр Кытай тарап Кыргызстан тарабынан даярдалган долбоордук-сметалык документтерди иликтөөдө. Аны бекиткенден кийин, Кытай конкурска катыша турган компаниялардын тизмесин жарыялайт.
Ага зарыл болгон техникалык квалификацияга ээ болгондор гана катыша алышат.
Долбоордун экинчи этабынын жүрүшүндө жол иштери эки жылдын ичинде аткарылат.
Борбордук муниципалитет Кытай Өкмөтүнө көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.