2019-жылдын 28-ноябрында Брюссель шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташтык боюнча Комитеттин 16-отуруму болуп өттү.
ТИМ делегациясын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеди. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү кирген.
ЕБ делегациясын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча Европа тышкы иштер кызматы башкармалыгынын башчысы Люк Девинь жетектеген.
ЕС делегациясынын курамына ошондой эле Европа тышкы байланыштар кызматынын, ЕС өнүктүрүү, кызматташуу жана соода боюнча башкы директорунун жана Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн расмий адамдары кирди.
Отурумдун жүрүшүндө 2020-жылы Бишкек шаарында өтүүчү ЕС-БА экономикалык форумуна байланыштуу маселелер каралды.
Тараптар КР жана ЕС ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө кеңири өнөктөштүктү ишке ашыруу жана макулдашуу, ошондой эле БА боюнча ЕСтин жаңы стратегиясын тактперализациялоо боюнча демилгелерди талкуулашты.
Европа тарабы Кыргыз Республикасынын демократия жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи, ошондой эле укук үстөмдүгүн күчөтүүгө багытталган реформаларды улантуу маанилүүлүгүн билдирди.
Кыргыз тарап ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыздоо жагындагы кабыл алынган комплекстүү чаралар жана жетишкендиктер тууралуу да маалымдады. Ушуга байланыштуу КР ЕБ кара тизмесинен чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Европа тарап Кыргыз Республикасы тарабынан «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» киргизүү, ошондой эле авиация тармагындагы жалпысынан маанилүү жетишкендиктерди өзгөчө белгиледи.
Жыйында КР Жогорку Кеңешине 2020-жылдагы шайлоолорго жана шайлоочулардын добуштарын автоматтык түрдө эсептөө жана идентификациялоо үчүн алдыңкы технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.