Кыргызстан жана Индия Республикасы Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын алкагында жыйырмага жакын макулдашууга кол коюшат.
Бул маалыматты Кыргызстандын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн республиканын борбор калаасындагы маалымат жыйынында берди.
Сыдыковдун айтымында, иш сапардын жүрүшүндө экономика жана айыл чарба тармагында кыргыз-индиялык бизнес-форум, ошондой эле текстиль продукциясынын көргөзмөсү болот.
Жолугушуу учурунда стратегиялык мүнөздөгү өз ара мамилелерди белгилөө тууралуу өлкөлөрдүн ортосундагы Жалпы декларация бекитилет деп белгиленет.
“ШКУ жыйыны аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен Индия Республикасынын Премьер-министри Наренда Моди келет.
Бул сапар Индиянын Премьер-министри болуп жакында кайрадан шайлангандан кийин Нарендер Моди алгачкы тышкы саясий жолугушууларынын бири болуп саналат. Иш-сапардын жыйынтыгында олуттуу кыргыз-индия эки тараптуу мамилелерди достук жана өнөктөштүктү тутандыруу болушу керек”, – деди Данияр Сыдыков.