Бишкектин тургундары көчөлөрдө башаламан, көчө соодасы боюнча коомдук желелерде даттанышкан.
Айрыкча жаш энелерди, азыктардын мөөнөтү канча экени тынчсыздандырат. Мектеп окуучулары сабактан келе жатып,бир нерселерди сатып алып, ууланып калышы мүмкүн.
Күбөлөрдүн айтымында, азык-түлүктүн сырткы көрүнүшү да талапка жооп бербейт жана ачык абада сакталат. Талап боюнча баары муздаткычта сакталышы керек дешет тургундар.
Бишкек шаарынын мэриясы, бул көйгөй менен алектенүүнү убада кылган.
Сүрөт: ugpressa.ru