Бишкекте 37 жаштагы жаран кичинекей кыздарга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасап жүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын 3-класста окуган кызына карата белгисиз жаран ыплас-иш аракеттерди жасоого аракет кылганын жазган. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын тургуну К.А.аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси “ыплас аракеттер” боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталганын басма сөз кызматы билдирди.
Супер инфо