Кыргызстандын өкмөтү атайын токтому менен Минск шаарында өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө өз ара аракеттешүү жөнүндө мурда түзүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн келишимин бекитти. Келишим 28-октябрда Беларусиянын борборунда 2016-жылы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирүусүн тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болот.
Токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет (3-июлда).