Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма-сөз кызматы билдирди.
Ведемоствонун маалыматына ылайык, Свердлов райондук ШИИБге жергиликтүү тургундан арыз келип түшкөн. Ал азиат түспөлүндөгү бейтааныш адам, алдамчылык жол менен iPhone маркасындагы уюлдук телефонун алып, белгисиз багытка кеткен кишиге чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыян 55 миң сомду түзөт.
КР ЖК 204 «Алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Аталган кылмыш боюнча шектүү деп кармалган Кыргызстандык 1995-жылы туулган. Мурда ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМде эсепте турган. Ал бир нече жолу соттолгон. Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИБ УКИга киргизилген.