No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 29.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Бишкекте Кыргызстандын медиа форуму болуп өттү

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын  200дөн ашуун кызматкерлери өлкөнүн азыркы учурдагы журналистикасынын   негизги маселелерин Өнөктөштүк медиа конференциясынын жүрүшүндө талкууга алышты. Бул медиа конференция маалымат жана басма сөз күнүнө карата өткөрүлдү. Иш-чарада медиа мейкиндиктеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды.

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын медиафоруму өттү. Иш-чарада жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, профессионалдуу медиа уюмдарынын, Эл аралык уюмдардын, Өкмөттүк эмес уюмдардын, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Кубанычбековна Темирбекова өзүнүн сөзүндө акыркы жылдарда Кыргызстандын медиасы биргелешип күрөшүүнү талап кылган жаңы чакырыктарга дуушар болгонун баса белгиледи. Бул багытта бир гана журналисттердин коомчулугунун гана эмес, өлкөдөгү бардык коомдун консолидациясынын күчтүү аракети зарыл.

Иш-чаранын программасындагы пленардык дискуссиялардын алкагында  журналисттердин ишмердүүлүгүндө алардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Медиа Полиси Институтунун эксперттери, Жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон арыздарды кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү  жана Көз карандысыз журналисттер Союзунун жетекчилери журналисттерге болгон зордук-зомбулук  фактылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн  коргоочу мыйзамдар тууралуу айтып беришти. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда аларга  кол салган  адамдардын жоопкерчилиги тууралуу дискуссия өттү.

Мындан тышкары, Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери жана бул процесстеги телевидениенин ролу да кызуу талкууланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын телерадио уюмдарынын Ассоциациясынын, Индустриялык медиа комитетинин өкүлдөрү жана телерадио уюмдарынын жетекчилери айтып өтүштү. Ошондой эле, конференция учурунда “Гендердик стереотиптерден гендердик зордук-зомбулукка чейин” деген актуалдуу темада докладдын презентациясы угулду.

Уюштуруучулардын чечимине ылайык бул медиафорум жыл сайын өткөрүлөт. Ар жыл сайын иш-чаранын темасы өзгөртүлүп турат. Медиа багытындагы эң орчундуу көйгөйлөр боюнча маселелерди  көтөрүү пландаштырылууда.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар Департаменти.

 Өнөктөштөр: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси,  Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы, Интерньюс-Кыргызстан, Согуш жана тынчтыкты чыгылдыруу Институту, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, “Институт Медиа полиси” КФ, “Медиа өнүгүү борбору” КФ, Кыргыз Республикасындагы телерадио уюмдарынын Ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз журналисттер союзу жана Биргелешкен Медиа комитет.

булак: Чындык.kg

Tags: ЕККУСорос-Кыргызстанфорум

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

ЕАБР отметил 20-летие на форуме в Алматы: курс на ускоренное развитие Евразии

29.06.2026
Кыргызстан

Баткен и Иссык-Куль свяжет новый сезонный авиарейс

29.06.2026
Новости

В странах БРИКС растет интерес к русской культуре - Пурнима Ананд

29.06.2026
Кыргызстан

Кыргызстанцам разрешили повторно использовать пенсионные накопления на жилье и лечение

29.06.2026
Новости

Инвесторы компании сыновей Трампа получили долю в проекте по добыче вольфрама в Казахстане

29.06.2026
Безопасность

Путин заявил о провале попыток Запада дестабилизировать ситуацию в России

29.06.2026
Кыргызстан

В Джалал-Абаде после реконструкции открылся обновленный парк «Манас»

29.06.2026
Безопасность

В России заявили о ликвидации офицера ГУР Украины, связанного с подготовкой теракта в Крыму

29.06.2026
Безопасность

Трамп может пересмотреть договоренности с Россией по Украине - Axios

29.06.2026
Безопасность

Аномальная жара в Париже унесла 109 жизней за сутки

29.06.2026
Новости

Россия вводит цифровой контроль для безвизового въезда иностранцев через RuID

29.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире