Түштүк Кореянын «Би Кей Медикеар» медициналык жабдууларды өндүрүүчү заводдун филиалынын ачылышына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Разаков катышуучуларга ишкананын ачылышы менен куттуктап, заводдун ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүндө ийгиликтерди каалады.
«Меджабдууларды даярдоо боюнча цехтин ачылышы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара мамилелерди бекемдемдөөдө жагымдуу тепкичи болуп саналат»,— деп белгиледи вице-премьер-министр.
Анын айтымында, Кыргызстандын фармацевтикалык рыногунун өзгөчөлүгү анын импортуна карата көз каранды. Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды импорттоонун көлөмү жылына болжол менен 12 миллиард сомду түзөт.
“Ушуга байланыштуу биз республиканын аймагында дары-дармек жана медициналык товарларды чыгарууну өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз. Өлкөнүн дары-дармек саясаты калкты сапаттуу жана дары — дармектер баасы боюнча жеткиликтүү камсыз кылууга багытталган”, – деп тактады Разаков.
Анын айтымында: «Би Кей Медикеар» ишканасы Евразия экономикалык биримдигинин фармацевтика рыногунда татыктуу орунду ээлөө үчүн чоң потенциалга ээ.
“Учурда ишкана 50 жумуш ордун түзүп, келечекте дагы 500гө жакын жумуш ордун түзүү пландаштырылууда”, — деди вице-премьер-министр.
«Би Кэй Медикеар» Кыргызстанда даярдалган медициналык продукцияларды жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге жеткирет.