Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын борбор шаарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан мекендештер келишти.
Делегациянын башчысы – СУАР Кызыл-Суу автономдуу районунун партиялык комитетинин мүчөсү Хайбунуер Юйшань турат.
«Кызыл-Суу автономдук облусунан отуздан ашуун ырчылар келишти. Бүгүн, Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан Нооруз майрамга арналган концерте ырдашат. Алар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга келишкен», — бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Делегация 25-мартка
чейин Бишкек шаарында болот. Ал эми жума күнү, 22-мартта, Абдылас Молдобаев атындагы опера жана балет театрында алардын концерти өтөт.
Нооруз, бүгүн 21-март күнү белгиленип жатат. Жаңы жылдын башталышын белгилейт. Нооруз алгач Зороастриялактарда жазгы күн менен түн теңелген ыйык күн деп эсептелген.
Сүрөт: press-unity.com