Кийим саткан базардын ижарачылары, ижаранын жогорулап кетишине каршы чыгышууда. Митинг базарда өттү. Митингчилердин саны 30 чакты. Алар ижара акысын көтөрбөөнү талап кылышууда. РОВД кызматкерлери, баардык күчү менен коомдук тартипти сактоого аракет кылышууда.
Бир айда 7700 сомдун ордуна соодагерлер 10 000 сом 2 жылдан бери ижара акысы 2000 сомдон кымбаттап келе жатат, бирок соодагерлерге эч кандай шарттар өзгөрбөй келет.
Ал жерде 220 контейнер Лира Акуновага тиешелүү. Ижара баасы 5 000 сомдон 12 000 сомго чейин өзгөрөт. Жогорулатуу дээрлик бардык соодагерлерге тиешелүү. Акунова өзү митингчилер менен сүйлөшүүгө келбей, кол алдындагы жумушчуларын жиберип жатат. Март 2019-жылы ижара акысын жогорулатуу күчүнө кирет. Шарттуу түрдө, бардык соодагерлерге эскертүү берилген. Талаптарды аткарбаган соодагерлерди ал жерден кетирилет.
Сатуучулардын кыжырын кайнаткан бул кырдаал Октябрь райондук башкаруу өкүлдөрүнө жетти, жолугушууга келишип, сүйлөшүп, бул маселени чечүүгө жана Акунова менен байланышып бул кырдаалды чечүүгө сөз беришти. Жооп 15 – январда келиши керек.
Базардын сатуучулары, ижара акысын 5000сомдон бийик эмес, жана беш жыл аралыгында ушул баа сакталышы керек экендиги тууралуу официалдуу түрдө арыз жазышкан. Президент Жээнбековго бул кырдаалды колго алып, ал жердин ээси менен чечүүнү суранышкан. Алардын оюу боюнча ал ушул жол менен эл тарапта экенин далилдей алат.
Сүрөт: kaktus.media