23-февралга караган түнү Бишкекте вулканизация (желимдөө жайы) күбөлөр өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, окуянын видеого тартып алышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишине жакын аймакта чыккан. Видеонун автору айтып жатканына караганда, аны кимдир бирөөлөр атайын өрттөп жибериши мүмкүн.
ӨКМдин маалымат кызматы өрт ишембиге караган түнү болгонун тастыктады. Тилсиз жоо аянты 45 чарчы метрге жеткен вулканизацияны жалмап кетти. Жеринде өрт өчүрүүчү бир унаа иштеди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
Сүрөт: 24.kz