2019-жылы боло турган транспорт тармагын өнүктүрүү пландары тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген интервьюсунда маалымдаган.
Кеңешчинин айтуусу боюнча, кичи автобустар үчүн жаңы каттамдарды иштеп чыгуу боюнча борбордо акыркы жолу 2012-жылы өткөрүлгөн.
«2019-жылы биз Бишкекте каттамдарга кайрадан конкурс өткөрөбүз, ал үчүн атайын документтердин топтому түзүлөт. Мындан тышкары, бири-бирин кайталаган маршруттарды талдоо пландаштырылууда, анткени азыр Бишкекте бир эле жерге маршруткада, автобус жана троллейбус менен барса болот», — деди Алмамбетова.
Мында ал жаңы каттамдарды пландоо зарылдыгы Бишкек шаарында коомдук транспортко 1,2 млн жакын жаранды жана борбор калаанын конокторун ташый тургандыгына байланыштуу пайда болгонун тактаган.
Сүрөт: Knews.kg