Поезд жүргүнчүлөрү менен жеңил авто унааны коюп кеткен. Бул тууралуу Facebook коомдук тармакта күбө кырсык тууралуу өзүнүн расмий баракчасына жарыялаган.
“Азыр эле поезд авто унаа менен кагылышты. Наристе жерде жатат, менимче анда баары жайында”, — деп жазган колдонуучу.
Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, кырсык, Бишкек- Ош параллелдүү унаа жолунда, Чүй облусунун Mосква районунда болгон. Жеңил унаа темир жолдон өтүп кетүүнү көздөп, бирок, жетишпей калып, батышты көздөй бараткан поезд сүдүрөп кеткен.
“Поезд менен сүзүшүүнүн натыйжасында, эки адам ошол жерден жан берген. Дагы үчөө ооруканага жаткырылган. – алар баары Honda Accord авто унаасында болгон. Бул аймакта, темир жол корголгон эмес, ал жол менен кесилишинде эч кандай шлагбаум да жок”, – деп милициядан кошумчалады, ал эми күбө жазган балага байланыштуу эч нерсе белгилүү эмес.
Факт ЕРПП катталган жана бардык зарыл болгон экспертиза өткөрүлүп жатат.
Сүрөт: 1zoom.ru