Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын контекстинде Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар Кеңешинде кезектеги 12-кеңешме, ШКУнун жаштар кеңешинин жыйыны өтөт.
Жыйындын күн тартибинде ШКУ алкагында кызматташтык маселелерин кароо, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана 2019-2020-жылдарга пландарды түзүү.
Бул маалыматты Кыргызстандын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эртеңки иш-чарага Казакстан Республикасынын, Кытайдын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Пакистандын, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Монголиянын жана Азербайжандын жаштар кеңешинин өкүлдөрү катышат.
Ошол эле күнү Жаштар кеңешин өлкөнүн лидерлерине биргелешкен чакыруу, ошондой эле Пакистанды ШКУ жаштар Кеңешине киргизүүгө тиешелүү маселени кароо пландаштырылууда.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун жаштар кеңешинин жыйынына уюмдун башкы катчысы Владимир Норов катышаарын белгилей кетүү керек.
ШКУ Жаштар кеңеши-бул ага кирген жаштар уюмдарынын, бирикмелердин, уюмдардын – Казакстан, КЭР, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ишинин багыттарынын контекстинде кыймылдардын координациялык иши менен алектенген орган.