Ош базарынын районунда Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде кийим саткан контейнерлер күйүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу чакыруу 23:39 тегерегинде келип түшкөн. Кырсык болгон жерге 6 өрт өчүрүучү машина, 1 суу ташуучу унаа МП «Тазалык» келген.
Өрт 00:52 локалдашкан, 03:31 толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн натыйжасында 500 чарчы метр кийим саткан контейнерлер күйүп кеткен.
Өрттүн себеби такталууда.
Сүрөт: kabar.kg