БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо өлкөнүн премьер – министринин энчилүү сааты менен сыйланышты. Мындай буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ал балдарды коргоо механизмин өнүктүрүү, алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча социалдык программалардын жүзөгө ашырылышынын жүрүшүндө Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга кошкон салымы үчүн сыйланды.
Белгилей кетсек, Юкиэ Мокуо 2014-жылдын июль айында БУУ Балдар фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал ЮНИСЕФтин программаларын пландаштырууга, жөнгө салууга, аткарууга жана баалоого жооптуу. Бул чаралар Кыргыз Республикасында балдардын жана аялдардын абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул кызматка дайындалганга чейин ал ЮНИСЕФтин Тажикстан жана Украина сыяктуу өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон.
Мокуо өз ишин Балдар фонду тарабынан 1995-жылы монголиянын борбору Улан-Батордо баштаган, ошондой эле өз ишин ЮНИСЕФтин өкүлчүлүктөрүндөгү шаараларда Приштина (Косово) жана Подгорице (Черногориянын борборунда) уланткан.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы офисинин маалыматы боюнча, Юкиэ Мокуо өз миссиясын бүгүн, 12-июлда аяктайт.