Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, кылмышкерлер, электр жарыгын өчүрүп, АЗСтин ичине кирип, кассадагы акчаны уурдап кетишкен.
Нарын облусунда белгисиз адамдар АЗСке кирип, тоноп, 120 миң сомдон ашык акча уурдап кетишкен.Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Окуя түн ортосунан кийин, 27—январда болду. Бул АЗС, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда жайгашкан.
Күбөлөрдүн айтымында, үч белгисиз адам кол союл менен куралданган, алар имаратка кирип, АЗСтин кызматкерлерин коркутушкан. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: centr.kr.ua