Чүй облусунун УВД ири өлчөмдө башка адамдардын мүлкүнө зыян алып келген арызы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. -Аламүдүн районунда 1-январда, жергиликтүү полиция бөлүмүнө Лебединовка айылында бир нече машинелерди өрттөнүп жатат деген чалуу кабыл алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 8 унаа күйүп кеткени маалым болгон. Унаанын ээлери үч жергиликтүү жашоочуларга таандык болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз борбору департаментинин айтымында, өрт атайы коюп жиберишкен. Жабырлануучулардын арызын “кылмыш ишине жана укук бузууга реестринде” катталган. ИИМ кызматкерлери камера байкоолорду көрүп чыгып, маалыматтарды изилдеп, издөө иштерин жүргүзүштү. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш Бишкектин 51 жаштагы жашоочусу жасаган деп табылды. кылмышка шектүү камакка алынды.
Кылмыш кылган аялдын жапа чеккендерге душмандык мамилеси болгон. Прокуратура үй камагына алуу түрүндө айыпталуучунун баш коргоо чарасын тандап өтүнүч кат Аламүдүн райондук сотко берилген. Азыркы учурда, шектүү 210 берене менен “өрттөө, мүлктү жок кылуу же бузуу” деген айып коюлган.
Фото: mediakuzbass.ru