Көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн биринчилигинде Чүй облусунун командасы чемпион болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Финалдык оюнда Ысык-Көл жана Чүй облусунун командалары ойноп, жыйынтыгында 5:1 эсеби менен Чүйдүн курамасы жеңип, 500 миң сом байгеге ээ болду.
2-орунду багынткан Ысык-Көл командасына 250 миң сомыйгарылды.
3-орун алган Талас командасы 100 миң сомго ээ болду.
4-орунду Ош облусунун командасы ээлеп, 80 миң сом алды.
Калган 5 командага 50 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.
Жалпы мелдештин мыкты улакчысы болуп Чүй облусунун командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулу табылса, мыкты аргымак деп Ысык-Көл облусунун командасынын “Золотой” аргымагы табылган.
Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлдү.