2018-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча жеке жактар Россия Федерациясынан башка өлкөлөргө 9,8 млрд доллар которушкан.
Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкынан билдиришти.
Каржы бөлүмүндө которуулар төлөм системасы аркылуу жүзөгө ашырылат деп белгиледи.
Кыргызстан Россия Федерациясынан жөнөтүлгөн акча каражаттарынын саны боюнча үчүнчү мамлекет болду. Буга 1,7 млрд доллар, Тажикстанга — 1,9 млрд доллар которулган, Өзбекстанга 3 млрд жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында «Золотая Корона» кызматы менен Кыргызстандын «Элкарт» төлөм системасынын ортосунда келишим түзүлгөн, ал Россиядан акча которууларды банктык карталарга алууга мүмкүндүк берет.
Сүрөт: wikipedia.org