Чаткал районунда кар көчкү төмөн түшүп, ДЭП №27 механизаторлору, калган. Алар табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүп жүрүшкөн. Бул тууралуу Turmush агенттигине ДЭП башкы инженери Талант Субаналиев билдирген.
Субаналиев маалымдагандай, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун 93-94-чакырымында, 21-март күнү болжол менен 16:50 кар көчкү түшүп, бульдозердин ичиндеги эки механизаторлорду жаап калган. ДЭП кызматкерлери 88 км жолдон 101 км узундуктагы жолду тазалашкан.
«Биз тейлеген аймактагы кээ бир жолдордо көчкү бир күндө 3-4 жолу көчөт, биздин кызматкерлер аргасыз кайра-кайра тазалашат.
Эрте менен саат 7 де биз жол тазалоо аймакка кеткенбиз. Механизаторлорду басып калган, 2000 куб метрди түзгөн.
Бул аймакта ДЭПтин 10 кызматкерлери, 10 минутада механизаторлорду кар көчкүнүн түбүнөн казып алышкан. Абалы канааттандырарлык катары бааланат. техника болсо, айнеги сынган жана бир нече тетиктери жабыркаган. Бирок, биз, кайра жол тазалоого аны жибердик», – деп билдирди Субаналиев.
Натыйжада, көчкүдөн жабыркагандар жок.