Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө кыргыз-тажик чек арасында болгон атышуудан жаракат алгандардан кабар алганы келди.
Министр жарадар болгондордун бардыгына тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалап, жана зарыл болгон медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттин даярдыгын белгиледи.
Дарыгерлер ооруканада, эки карапайым жаран жана бир милиция кызматкеринин абалы жөнүндө Джунушалиевге билдирди. Алардын абалы туруктуу, аларга бардык керектүү жардам берилет.
Сүрөт: knews.kg