Кыргызстан-Тажикстан чек арасында жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Баткен облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Арзыбек Борубеков билдирди.
Дарыгердин айтымында,чек арадагы чыр-чатактын ар кандай даражадагы жаракат алган 31 киши ооруканага түшкөн. Алардын 14өөнө үйгө керектүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн, ал эми калган жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Оштон дарыгерлер тартылган.
Ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров жана Баткен районун акими Кеңеш Салихов ооруканадагы жабырлануучулардан кабар алды жана бардык зарыл болгон материалдык жардам көрсөттү. Элчи ушундай кырдаалга жол бербөө үчүн, жергиликтүү эл укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштеп, бардык мыйзамдарды аткарууга тийиш деп белгиледи.
Бүгүнкү күнү ооруканада 17 адам бар, алардын ичинде жергиликтүү калк, милиционерлер жана чек ара кызматынын кызматкерлери.