Кыргызстандын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада жолукту. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды.
Тышкы саясатты жүргүзүү мекемелеринин башчылары көп тараптуу кызматташуу, эл аралык жана аймактагы актуалдуу маселер боюнча баарлашты. Лавров Айдарбековду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.
Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп 17-октябрда дайындалган. 2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеген. Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.