Бул тууралуу “Freedom House” дүйнөдөгү Интернет эркиндиги боюнча баяндамасында айтылат.
Анда жалпы дүйнө жүзү боюнча сегиз жылдан бери Интернет эркиндиги ар кайсы өлкөлөрдө чектелип жатканы маалымдалат.
Кээ бир өлкөлөр Орусия менен Кытайдын бөгөт коюу ыкмаларын колдонуп, “жалган маалыматтар менен күрөш ”шылтоосуна таянып “санариптик авторитаризм” куруп жатканы айтылат.
Адриан Шахбаздын айтымында, атайын бурмаланган же чаташтыруучу маалыматтар чынында мүшкүл.
“Бирок айрым өлкөлөр аны маалыматка көзөмөлдү бекемдеш үчүн колдонууда“, – дейт Шахбаз.
Ал эми баяндамада Кыргызстан толук эмес, жарым жартылай гана интернет эркиндиги бар экендиги айтылган.