Жеңишбек Ногойбаев Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, деп билдирди республиканын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Ногойбаевди дайындоо жөнүндө буйрукка өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Буйрукка ылайык, милдетин аткаруучу Өкмөттүн жаңы мүчөсү дайындалганга чейин штаттык режимде иштейт.
Трансжолмин убактылуу башчысы 8-майда, 1957-жылы Фрунзе шаарында туулган. Билимин Урал политехникалык институтунда «инженер-электрондук техниканын механик» адистиги боюнча билим алган. Үй-бүлөлүү, эки баланы тарбиялап жатат.
Жеңишбек Ногобаев, Жамшитбек Калиловдун учурунда 2017-жылга чейин министрдин орун басары кызматын ээлеген.
Мурдагы министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда республиканын президентинин сынынан кийин нааразылык катары отставкага берген жана чуулуу иш пара алуу менен анын орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган.
Сүрөт: sputnik.kg