Кыргызстанда эски унаалардын санын азайтуу үчүн, салыктын көтөрүүнү пландаштырууда. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев, “эски унааларды алып келүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорунун иштеп чыгуу боюнча маалымат берип өттү.
Анын айтымында, экономикалык жактан туура көз-карашта иштерди кылуу керек. Башка сөз менен айтканда, эгер унаа жаңы болсо, анда салыкка бир аз чек коюуга зарыл. Унаа ээлерин жаңы маркадагы унааларды сатып алып эскисин унутуп калууга дем берүү керек. Эски унаалар өзүнүн баасына жеткиликтүү, бирок экологияга терс таасирин тийгизүүдө.
Сыйзам долбоорун иштеп чыгуу ушул жылдын апрелине пландаштырылган.
Депутаттар, өз кезегинде, бир нече жолу эски унааларды алып келүүгө тыюу салуу боюнча сунуштарды киргизген.
Сүрөт: for.kg