Диний негизде сабалган дабырлануучунун жактоочусу, анын кардарын-коркутуп, үркүтүүлөр болуп жаткандыгын айтты. Жактоочунун айтымында, коркунуч жабырлануучунун гана эмес, ошондой эле анын өзүн да коркутушууда.
«Тергөөнүн жүрүшүндө бизди адепсиз сөздөр менен акаарат кылган. Айыпталуучу тарап христиан дини менен басынтып, аларды өртөөгө чакырылган. Ушундан улам, менин кан басымым көтөрүлүп, мага Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында тез жардам чакыртылды. Эгер биз Тамчы айылына бара турган болсок, анда эмне болот, мен элестете албайм. Чабуулдарды алдын алуу үчүн эч кандай чара кабыл алынган эмес, тергөө тарабынан», – деп билдирди Жанар Аскар.
Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусу, Тамчы айылында айылдаштар эркек кишини бийик музыка уккандыгы үчүн сабап кетишкен. Анын баш мээси чайкалып, жаагы сынып, тиштери жана көзүнө зыян келтиришкен.
Жабырлануучунун жакторчусу Улуттук коопсуздук комитетине кайрылган. Ал сабоо диний негизде болгон дешет. Бул бала Ислам дининде эмес Иисус Христ Чиркөөсүнүн кызматчысы болгон.