Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Казакстандын борборунда Евразия өнүктүрүү банкынын кеңешинин отуруму болот. Бул тууралуу ЕАӨБ басма сөз кызматы билдирди.
Кеңеш казак премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өтөт. Иш чаранын жүрүшүндө тараптар банктын үстүбүздөгү жылдагы ишинин жыйынтыгын сүйлөшөт жана кийинки жылга карата иш планын бекитет.
Ошондой эле жыйында жаңы ири инвестициялык долбоорлорго тийиштүү бир катар чечимдер кабыл алынат. ЕАӨБ өлкөлөрүнүн бардык өкүлдөрү окуяда өздөрүнүн бар экендиги тууралуу билдиришти.
ЕАӨБ кеңеши банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. Кеңешке бардык мүчө-өлкөлөрдөн бир нече өкүлдөр кирет. Алсак, Кыргызстандан Кеңешке Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов кирет.