Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
SUPER.KG порталынын “Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?” деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди. Ал президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүлүп калган деген пикирин айтты.
“Бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна биринчи кезекте Конституция күнөөлүү. Анткени Конституцияда ошентип жазылып калган. Бул туура эмес. Баш мыйзамда бийлик бутактарынын баарын президент басып алышы керек деген сөз жок. Бирок президентке УКМК, Башкы прокуратура, Башкы штабды берип коюу менен президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүп таштаганбыз. Албетте, расмий эмес, жашыруун жолдор менен шарт түзүлгөн. Бул нерсени азыркы келген президент дагы пайдаланып жатат. Мурдагы президенттер дагы пайдаланчу. Ошол президенттердин жолу менен азыркы мамлекет башчы улантууда. Өкмөттү, парламентти, сот бийлигин, жергиликтүү бийликти дагы президент басып алып каалаганын кылып жатат”, – деди Жээнбеков.