Эксперт Нургүл Акимова Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык коомчулугуна катышуусу жөнүндө айтып берди. Ал бүгүн, 8-январда «Вечерний Бишкек» агенттигинин басма-сөз кызматына маалымдаган.
«Биринчи кезекте, евразия интеграциясы эмгек эмигранттарынын абалына оң таасирин тийгизди. Алар үчүн альянска катышкан мамлекеттерде каттоо тартиби жеңилдетилди, мунун аркасы менен биздин мекендештерибизге милдеттүү медициналык камсыздандырууга жетүү мүмкүндүгү ачылды. Ошондой эле бирикменин катышуучулары эмгек мамилелерин түзүүдө квоталар тууралуу макулдашышты», – деп белгиледи Нургүл Акимова.
Акимова ЕАЭБге кирүү учурунда кол коюлган, тышкы экономикалык ишмердиктин бирдиктүү товардык номенклатурасы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин кошумчалады. Эксперттин айтымында, бул документ биздин өлкөнүн реэкспорттук моделине таасир эткен. Атап айтканда, бул Кыргыз Республикасынын ишкерлерин көмүскө экономикадан чыгарууга түрткү берди.
Эксперт ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен мамилелерди чыңдоо үчүн мамлекеттерди адистештирүү концепциясын кайра карап чыгуу зарыл экенин билдирди. Бул тармактык саясаттагы көйгөйлөрдү четтетүүгө жана ЕАЭБ ичинде өлкөлөрдүн атаандаштыгын төмөндөтүүгө жардам берет деп белгиледи.